Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Баткен менен Сохтун чегиндеги Өзбекстандын чек ара кезмети алынды


Сох жана Баткен райондорунун акимдеринин былтыркы жолугушуусунан тартылган архив сүрөт.
Сох жана Баткен райондорунун акимдеринин былтыркы жолугушуусунан тартылган архив сүрөт.

30-мартта Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун акимдери жолугушуп, чектеш жайгашкан аймакка тиешелүү маселелерди сүйлөштү.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахор Саидмусаев жетектеген өкүлдөрдүн сүйлөшүүсү чек ара тилкесинде болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Баткен районунун Сай айылындагы Варган тилкесинен Өзбекстандын чек арачыларынын кезмети алынды.

Аймакка жалпысынан Кыргызстандын чек арачылары саат 8:00ден 17:00ге чейин кезмет кылышмакчы.

Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары Сохтун Газноо жана Баткендин Ак-Өтөк айылдарынын ортосундагы каналдын суусун көбөйтүү макулдашылды. Өзбек тарап каналдагы суунун агымын көбөйтүүгө убада берди. Сохтун акими Кожешкен суусунун багытын өзгөртүүнү, чек арадагы Баткен районуна караштуу Күңгөй-Там жана Какыр тилкелерине эгин эгүү аракеттерин токтотууга сөз берди.

Жолугушуу жүрүшүндө чек ара тилкесине жакын жашаган жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз иштерге барбоо, такталбаган маалыматтарды таратпоо, түрдүү чагымдарга алдырбоо тууралуу эскертилди. Кыргыз тарап өз кезегинде чектеш эки өлкөнүн айылдарын суу менен камсыздаган "Ширеч" насостук станциясын оңдомок болду.

"Ширеч" насостук станциясы Өзбекстандын Шархабад айылында, анклавда жайгашкан. Станциядан Кыргызстандын айылдарына суу тартып келүү үчүн Өзбекстан айылы аркылуу үч чакырымга жакын суу түтүктөрү тартылган.

25-мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургуну Кыргызстан менен чек арага, демаркация иштери жүрө элек тилкеге өрүк көчөттөрүн тигип, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин иши токтотулган. Март айынын башында Баткен районунун Сох анклавына жакын Сай айылынын тургуну өзбек чек арачылары эгин айдоо иштерине тоскоолдук жаратканын айткан видео жарыяланган. Бирок кийин бул маалымат ырасталбаганы кабарланган.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Эки өлкө президенттери 27-январдагы келишимге ылайык, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары толук чечилгенин ырасташкан. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG