Экономика жана коммерция министри Данияр Амангалдиев кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуунун себебин түшүндүрдү.
Ал кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатканын "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Министрдин айтымында, учурда букмекердик кеңсе ачып иштетүүгө төрт лицензиция берилгенин билдирди. Ал эми кумаркана иштетүүгө бир дагы ишкерден арыз түшө элек.
"Кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатат. Башында парламентте мыйзамды алып келип жатканда атайын бир инвестор үчүн ушуну жасап жатасыңар деген сын-пикирлер дагы болгон. Негизи базаны түзүп коюшубуз керек. Бирок бирөөгө ылайыкталган, ошолорго жаза турган мыйзам эмес экенин убакыт көрсөттү. Учурда төрт брокердик конторага лицензия берилди. Ал эми кумаркана боюнча арыз түшө элек. Балким салыктын көлөмүн азайтуудан кийин арыз келгендир, бирок биз шарттарын дагы күчөттүк. Мурда базар, аялдама жана эл топтолуп турган жерлерде автоматтарды коюп, элди кызыктырчу. Азыр мындайлар беш жылдыздуу мейманканада гана болот. Биздин жарандар атайын отелге барып ойнобойт, бул көзөмөлдөөгө дагы жеңил болот", - деди министр.
Буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, баалар дээрлик эки эсе төмөндөгөн.
Министрлик мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставка иштелип чыкканын билдирди.
Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген "Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга президент Садыр Жапаров былтыр 30-июнда кол койгон.
Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат. Бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгондор жер-жерлерде акцияга чогулуп, бийликке кайрылуу жолдогон. (КЕ)
Дагы караңыз
Иран: Революция сакчылары корпусунун жогорку өкүлү митингчилерге эскертүү бердиОшто экстремисттик уюмдун мүчөсүнө паспорт жасоого шек саналган аял кармалдыОрус түрмөсүндө жаткан тажик жараны Украинада каза болдуДепутат Кемпир-Абад боюнча камалган активисттерди бошотууга чакырды