Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

Депутат Кемпир-Абад боюнча камалган активисттерди бошотууга чакырды


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды.

"Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек", - деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 27-мартта укук коргоочуларга, акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ден соолугу начарлаган активисттердин кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган.

Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин 27-мартта адвокаты маалымдады. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. Бүгүн, 29-мартта ал кайрадан тергөө абагына которулганын Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембериев "Азаттыкка" ырастады.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган. (BCh)

XS
SM
MD
LG