Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Ошто экстремисттик уюмдун мүчөсүнө паспорт жасоого шек саналган аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун аймагынан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдады.

"Ош облусунун тургуну, Кыргызстандын жараны Х.У.О. кармалды. Ал эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүгү боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасалма даярдап берүүгө аракет кылган", - деп билдирет УКМК.

Атайын кызмат шектүү жалпы жарандык паспортту же ID картаны жасоого шек саналып кармалганын тактаган жок.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар дагы болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган. (BCh)

XS
SM
MD
LG