Жалал-Абад облусунда Аксы райондук электр станциясынын кызматкери опузалап пара алууга шек саналып кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Аксы райондук электр станциясынын кызматкерин пара менен кармаганы айтылат.
"Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, пара талап кылып, сыйакы алып жатканы билинди. Кылмышка шектүү Т.А.А. 25-мартта 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, Жазык кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) катталды", - деп билдирет УКМК
Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда деди аталган мекеме. (BCh)
Дагы караңыз
Бишкекте бизнес-борбордун курулушу үчүн жөө адамдар жүрүүчү жол жабылдыИИМ маңзат ташылган эл аралык агымга бөгөт коюлганын билдирдиӨзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы кармалдыИзраилдин коргоо министри кызматтан алынды