Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Бишкекте бизнес-борбордун курулушу үчүн жөө адамдар жүрүүчү жол жабылды


Президент Садыр Жапаров жана кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр курулушка капсула салуу учурунда. 10-март, 2023-жыд.
Президент Садыр Жапаров жана кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр курулушка капсула салуу учурунда. 10-март, 2023-жыд.

Бишкекте "Нарын" ресторанынын ордуна курула турган мейманкана, бизнес-борбордун курулушуна байланыштуу жөө адамдар жүрүүчү жол убактылуу жабылды. Бул маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Ага ылайык, Фрунзе менен Жумабек көчөсүнүн ортосундагы тротуар жөө адамдардын коопсуздугу үчүн жабылды. Ошондой эле мэрия убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн жарандардын кечирим сурай турганын кошумчалады.

10-мартта Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталган. Ага президент Садыр Жапаров капсула салган. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Курулуштарга капсула салуу аземдеринде кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр да катышканы социалдык түйүндөрдө бир сыйра чуу жараткан. Коомчулуктагы талкуулардан соң, 11-мартта президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине чуу жараткан теги кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны инвестор деп атаган.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”, (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” медиасы чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган.

Хабибулла Абдукадыр мурдараак Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда аны менен чогуу түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган учурда да Абдукадыр анын инаугурациясына катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG