Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы кармалды


Өзбекстандык мигранттар. Иллюстрация сүрөт.
Өзбекстандык мигранттар. Иллюстрация сүрөт.

Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги мекеменин жетекчиси Афзал Ирматов тергелип жаткан кылмыш ишине байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан кармалганын билдирди.

Kun.uz сайты аталган мекемеге шилтеме берип, Афзал Ирматов жыл башынан бери жумушка келбегенин жазды.

Быйыл январда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Тышкы миграция агенттигинин жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлаган. Аларга “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен иш козголгон.

Бул миграция агенттигинин кызматкерлерине карата козголуп жаткан алгачкы иш эмес. 2018-жылы ноябрда мекеменин башчылары ири өлчөмдө пара алууга айыпталып, сот жообуна тартылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы миграция агенттигинин 20 чакты кызматкери Түштүк Кореяга ишке бараткан кишилерден жалпысынан 20 миллион доллар пара алышканын аныктаган.

Тышкы миграция агенттигин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимов менен орун басары Улугбек Назаров 12 жылга эркинен ажыратылган эле.

XS
SM
MD
LG