Наристени сабап, кыйнаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Иллюстрация.

Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды. “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, апелляциялык арыз 22-мартта Чүй облустук сотунда каралып, райондук соттун “балага зордук көрсөтүп, кыйноо үчүн беш жылга эркинен ажыратуу” деген өкүмү ошо бойдон калтырылды.

Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген.

Ошол жылдын 3-февралында Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. 7-февралда Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизди Иранда өкмөткө каршы чыккандарга аёосуз күч колдонулду Чек ара чырында каза болгон жоокердин үй музейи ачылдыУкук коргоо уюмдары Беларуста кармалган тажик активистин бошотууга үндөдү