Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизди


Уганда парламенти бир жыныстуу мамиле үчүн өлүм жазасын киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми ага өлкө президенти кол коюшу керек. Мурдараак мамлекет башчысы кумсалыкты айыптаган билдирүү жасаган.

Бул мыйзам менен "бир жыныстуу мамилеге байланышкан ишмердүүлүктү каржылоо, ага үгүттөө" үчүн да өлүм жазасы киргизилет. Азыркы мыйзамдарда Угандада мындай мамилеге баргандар өмүр бою эркинен ажыратылат.

Мыйзам долбооруна 389 депутаттын ичинен экөө гана каршы добуш берди. Алардын бири мыйзам долбоору Конституцияга туура келбей турганын, гендердик зомбулукка каршы күрөштөгү ийгиликтерди жокко чыгарарын билдирди.

Укук коргоочулар мыйзам долбоорун айыптап, аны "жек көрүүчүлүк мыйзамы" жана "адамзатка толук кол салуу" деп аташты. Угандалык укук коргоочулар жана ЛГБТ-активисттер дискриминацияга каршы күрөштү улантууга убада беришти.

Африкадагы көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында кумсалыкка тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG