Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Иранда өкмөткө каршы чыккандарга аёосуз күч колдонулду


Сакез шаарындагы активисттер. Архив.
Сакез шаарындагы активисттер. Архив.

Ирандын батышындагы күрттөр байырлаган бир нече шаарда Нооруз арапасында өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга каршы күч колдонулду.

Махабад, Ошнавие, Букан, Пираншахр, Сакез, Санандаж жана Дехголан өңдүү калааларда 20-мартта нааразылыкка чыккандарга коопсуздук күчтөрү аёосуз мамиле кылганы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Жергиликтүү булактардын, анын ичинде Hengaw укук коргоо уюму кабарлагандай, Сакез шаарындагы адамдар былтыр сентябрда полициянын камагында каза болгон 22 жаштагы Махса Аминин мүрзөсүнө чогулушкан.

Чогулгандар өкмөткө каршы ураандар менен бирге “Шейит эч качан өлбөйт” деген кыйкырышкан.

Тегерандын Экбатан конушунда жана башка райондорунда жашоочулар үйлөрдүн терезелеринен "Диктаторго өлүм" деп ураан чакырышканы кабарланууда.

"Хижаб оронуу эрежесин бузду" деп кармалган Махса Амини полиция имаратында көз жумган. Ал ур-токмокко кабылганы айтылып, Иранда жапырт нааразылык күчөгөн. Күч органдары Амини полициянын токмогунан эмес, өнөкөт оорусунан көз жумганын маалымдаган.

Демонстрацияга чыккан жүздөгөн активист камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылды. Тегеран өкмөткө каршылык маанайынын артында Батыш турат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG