Секелекти зордуктоо иши: соттук териштирүү 5-апрелге жылды

Балдарды, аялдарды зомбулуктан коргоону бийликтен талап кылган акция. 2022-жыл.

22-мартта Жогорку Сот 13 жашар секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону 5-апрелге жылдырды. Буга айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду.

Мунун алдында Жогорку соттун имаратынын алдына калыс жана акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акцияга чыкты. Жарандык активисттер сот айыпталуучулардын мөөнөтүн кыскартып, адилетсиз чечим чыгарып коебу деп чочулап жатышканын билдиришкен.

13-мартта Жогорку сот бул ишке айыпталган төртүнчү кишиге карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Секелектин зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган.

Өткөн жылдын 30-августунда Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Ушул жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган.

Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучуну алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

Өткөн жылы 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялап, коомдо катуу реакцияларды жараткан.

Ошондон кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.(КЕ/ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек жана Ош шаарларынан Абу-Дабиге түз аба каттамы ачылатӨспүрүмдүн зордукталышы: сот алдында акция өтүүдөУкраин соту Мамдуманын 20 депутатын сыртынан соттодуОоганстандагы жер титирөө: Кыргызстандагы силкинүү 3 баллга жетти