Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Ооганстандагы жер титирөө: Кыргызстандагы силкинүү 3 баллга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалыматта жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Өлкөнүн башка аймактарынын тургундары да силкинүү байкалганын интернеттеги социалдык түйүндөргө жазышты.

Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын, силкинүү Пакистанда жана Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилгенин кабарлады. Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Reuters агенттиги Пакистандын Лахор, Пешавар шаарларында жер силкинүүдөн кийин көчөгө чыгып турган тургундардын сүрөттөрүн жарыялады.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 5-6 баллга, Ташкентте жана башка аймактарында 4-5 баллга жеткенин билдирди.

Былтыр Ооганстандын чыгышында 6,1 баллдык жер титирөөдө миңден ашуун адам каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG