Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Бишкек жана Ош шаарларынан Абу-Дабиге түз аба каттамы ачылат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Быйыл июнь айында Бишкектен, андан соң жакынкы арада Оштон Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылганы жатканын бүгүн 22-мартта “Азаттыкка” Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Эл аралык финансылык корпорация (IFC) Швейцариянын жардамы менен “Манас” аэропортунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык каттамдарынын географиясын кеңейтүү артыкчылыктарын изилдеп чыгып, ар бир каттам боюнча сунуш-пикирлерин берген.

Натыйжада Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы менен биргеликте быйыл июнь айынан тартып Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби аба каттамын ачуу макулдашылды. Андан соң жакынкы келечекте Абу-Даби – Ош каттамы ачылат.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер ачылып жаткан жаңы авиакаттамдар Кыргызстан жалпы дүйнө үчүн мурдагыдан да ачык өлкө экенин айгинелеп турганын, өлкөгө көбүрөөк адамдар келишине, туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.

БАЭнин расмий борбор калаасы Абу-Дабинин калкы 1,5 миллион адамды түзөт, шаар бизнестин жана мунай экспортунун ири борбору.

XS
SM
MD
LG