Казакстан массалык башаламандыкка чакыргандарга жазаны күчөттү

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда парламенттик шайлоого эки күн калганда президент Касым-Жомарт Токаев массалык башаламандыкка чакыргандарга каршы жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акордо 16-мартта билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө массалык башаламандыкка чакырган адамдар мурдагыдай 3 эмес 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай чакырыкты телекоммуникация каражаттары аркылуу жасагандар 7 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, кылмыштуу топтун курамында жасалган бейбаштыкка баргандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратыла турган болду. Бул беренелер менен соттолгон адамдар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулбайт.

19-мартта Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтөт. Өлкөдө былтыр январь айындагы ири нааразылык акциялары жана башаламандыкта кеминде 238 адамдын өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Акыйкатчы митинг боюнча мониторинг жүргүздү"Азаттык" боюнча соттук териштирүү 24-мартта уланат Нарын мэрине "ККМди түшүндүргөн эмес" деп айып пул салындыӨзбекстанда дагы 28 каракалпак активисти абакка кесилдиИнвестициялар агенттиги аймактарда 140 долбоор ишке ашып жатканын билдирди