Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кемпир-Абад иши: Акыйкатчы митинг боюнча мониторинг жүргүздү


Митингдин катышуучулары. 2023-жылдын 17-марты.
Митингдин катышуучулары. 2023-жылдын 17-марты.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бүгүн 17-мартта Бишкекте Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандардын тарапкерлери өткөргөн акция боюнча жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгын жарыялады.

Мекеме укук тартибин коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул тынчтык митингин өткөрүүгө эч кандай тоскоол болушпаганын белгиледи. Митингге кармалган 27 адамдын 200дөй тууганы жана тарапташы катышканын билдирди.

Митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда төмөнкүдөй талаптар коюлганын жана алар аткарылбаса мөөнөтсүз тынч митингди улантууга мажбур боло турганын билдиришкенин кошумчалады:

“Сот реформасын жүргүзүү жана бийликтен соттордун толук көз каранды эместигин камсыздоо, анткени азыркы учурда сот системасынын адилеттүүлүгүнө эч ким ишенбейт. Көз каранды эмес ЖМКларга, анын ичинде «Азаттык», «Кактус» жана «Политклиникага» кысымды токтотуу. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган журналист Болот Темировдун жарандыгын калыбына келтирүү жана аны мекенине кайтарып келүү. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча мыйзамсыз кармалгандары бошотуу. Өкмөттүн чакан жана орто бизнеске өлкөдө жакырчылык жана жумушсуздук күчөп жаткан маалда мамлекеттик казынаны толтурабыз деген кысымын токтотуу. Мунун ордуна Министрлер кабинети реалдуу күрөш баштап, жумуш орундарын түзүшү керек”.

Мекеме кармоолор башталгандан бери бардык жерде мониторинг жүргүзүп келатканын, акыйкатчы Атыр Абдрахматова кармалгандардын укугун сактоого байланыштуу маселени карап чыгуу чакырыгы менен үч ирет Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылганын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG