Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

"Азаттык" боюнча соттук териштирүү 24-мартта уланат


Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын кароо Бишкектин Ленин райондук сотунда 24-мартта уланат.

17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалын улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирилди. "Азаттыктын" адвокаттары экспертиза боюнча өтүнүч менен таанышууга убакыт сурады.

"Маданият министрлиги доо арызда "Азаттыкты" массалык маалымат каражаты катары жабуу боюнча талабын коюп жатышат. Соттук териштирүү учурунда өздөрү башка позициясын билдирип жатышат. Биз өзүбүздүн позицияда калабыз. Журналисттер бул сюжетти объективдүү даярдашкан жана Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнөн алган маектер дагы болгон. Эмки соттук териштирүүдө келтирилген өтүнүч боюнча позициябызды билдиребиз", - деди жактоочу Тимур Султанов.

Мунун алдында соттук териштирүү учурунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес экенин аталган мекеменин өкүлү билдирген.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG