Бишкек-Ош жолунда автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери. Сүрөт ӨКМге таандык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринде 16-21-марттын аралыгында кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Кар көчкү мажбурлап түшүрүлө турган тилкелер:

  • Бишкек-Ош жолунун 132-135-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району – "Төө-Ашуу");
  • 198-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району);
  • 209-255-чакырымы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району – "Ала-Бел" ашуусу).

ӨКМ жолдогу чектөөлөргө байланыштуу айдоочуларга кайрылып, абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Кырсык катталган учурда жана жолдогу абал боюнча "112" бирдиктүү номуруна чалууга болот.

Кыргызгидромет борбору 19-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Инфантино ФИФАны дагы төрт жыл жетектейтБашкы прокуратура: Кумтөр боюнча төрт иш тергелүүдөПарламент министр кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдодуАба ырайы: Ысык-Көлдө кар жаайт