Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Аба ырайы: Ысык-Көлдө кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,

Бийик тоолордо түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° болот.

XS
SM
MD
LG