Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Башкы прокуратура: Кумтөр боюнча төрт иш тергелүүдө


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Кумтөргө байланыштуу азыркы тапта жалпысынан төрт кылмыш иши тергелип жатканын бүгүн 16-мартта Жогорку Кеңеште башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, бул компаниянын жетекчилигинде иштеген айрым адамдарга айып тагылган:

“Рысбек Токтогулов, Тенгиз Бөлтүрүк, Канат Курманов, Руслан Енгалычев айыпкер катары өтүүдө. Келтирилген зыян 1 миллиард 146 миллион сом. Анын 642 миллион сому (56%) мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү, бюджетке”.

Коңкубаева тергөө толук жүрүп жатканын, жогорудагы төрт адам камакта экенин, алардан тышкары дагы беш адамдан эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алынганын кошумчалады.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу башкарып келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген.

XS
SM
MD
LG