УКМК Жалал-Абадда беш адам “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкканын билдирди

“Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тарткандар. Атайын кызмат тараткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун беш тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын билдирди. Алардын бири 23 жашта.

Атайын кызмат сөз болуп жаткандар буга чейин “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, анын идеологиясын активдүү жайылтып келишкенин кабарлады. Алар тандап алган диний багыты туура эмес экенин моюнга алып, башкаларды уюмдун мыйзамсыз иштерине аралашпоого чакырганын маалымдады.

Сот 2003-жылдан бери террорчу жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикменин Кыргызстандын аймагындагы ишмердигине тыюу салган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган топтордун көбү демократиялык, көп партиялуу мамлекеттик түзүлүштү кулатып, ордуна “шариятка негизделген эскичил халифатты” түзүүнү көздөшөт. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 35 миллион доллар саттыДепутат катышкан мушташ боюнча эки адам кармалдыАкыйкатчы: Кордолгон баласынын укугун коргой албай калган ата-эне көпТокойдо атып өлтүрүлгөн Мациевскийге "Украинанын баатыры" наамы берилдиЗордуктоодон кийин 14 жашында көз жарган кыздын сот иши создугуудаЭл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинадагы кылмыштары боюнча эки иш ачканы жатат