Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Акыйкатчы: Кордолгон баласынын укугун коргой албай калган ата-эне көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган наристе, өспүрүмдөрдүн көбү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары экенин 13-мартта “Азаттыктын” эфиринде өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди. Башкы укук коргоочунун айтымында, мындай кылмыш жасагандар жазага тартылбай жаткан себептердин бири ата-эне өзүнүн жана баласынын укуктарын билбегени, укук тартибин коргоо органдарынын көңүл коштугунан болууда:

“Бизге кайрылгандар көп. Зордук-зомбулукка кабылгандардын көбү социалдык жактан аярлуу топтун өкүлдөрү. Муну ачык айтыш керек. Өз укугун билбегендердин балдарынын укугу көбүрөөк бузулат. Баласынын укугун өз убагында коргой албай калган ата-энелер аябай көп. Башкы көйгөй – милиция органдары өзүнүн ишин убагында аткарбаганы, шалаакылык”.

Абдрахматова бала зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу арыз түшсө он күндөн кечиктирбестен дене боюнун абалы жана психологиялык абалы боюнча эки экспертиза дайындалышы керектигин, бирок көпчүлүк учурда ал иш жасалбагандыктан кийин далилдөө оор болуп каларын, кылмыш кылган тарап көпчүлүк учурда ата-эненин социалдык абалынан пайдаланып ар нерсе сунуштап, ишти жаптырып коерун кошумчалады.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда жашы жете электерге каршы жасалган кылмыштар боюнча 2386 иш катталган, анын 771 сотко өтсө, 728и кыскартылып, 887си боюнча тергөө уланып жаткан.

XS
SM
MD
LG