Улуттук банк 13-мартта валюта базарына 35 миллион доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.
Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2023-жылдын башынан бери беш жолу интервенция жасап, валюта рыногуна 262 миллион 170 миң долларды чыгарды.
2022-жылы Улуттук банк 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.
Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин, анын 40% накталай экенин билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Депутат катышкан мушташ боюнча эки адам кармалдыАкыйкатчы: Кордолгон баласынын укугун коргой албай калган ата-эне көпТокойдо атып өлтүрүлгөн Мациевскийге "Украинанын баатыры" наамы берилдиЗордуктоодон кийин 14 жашында көз жарган кыздын сот иши создугуудаЭл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинадагы кылмыштары боюнча эки иш ачканы жатат