Германиянын Гамбург шаарында 9-мартта кечинде "Жахабанын күбөлөрүнүн" борборлорунун бириндеги куралдуу кол салууда кеминде алты адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланууда. Полиция бул кандуу окуяда мерт болгондордун санын азырынча так айта элек.
Укук коргоо органдары ок чыгарууга шек саналган адамдын дагы сөөгү табылганын билдирди. Шаардын Гросс Борстель районунда полициянын операциясы уланып жатат.
Кылмышка шектүү кандай себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Мындан улам полиция жарандарга кайрылып, ар кандай ушак-айың, божомолдорго ишенбөөгө жана таратпоого чакырды.
Дагы караңыз
Баткен: милиция мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди Зиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды УТРКнын башчысы болуп Болотбек Тиллебаев дайындалдыГрузия: башкаруучу партия талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти Исабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды