Кемпир-Абад иши: Кадамжайда Акматовду бошотууну талап кылган акция өттү

Айданбек Акматов Бишкектин Биринчи май райондук сот залында.24-октбярь, 2022-жыл.

Абакта жаткан журналист Айданбек Акматовдун айылдаштары жана жакындары 9-мартта Баткендин Кадамжай районундагы Чаувай айылында аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.

Алар тергөө ушул күнгө чейин Айданбек Акматовго козголгон иште далилдерди таба албаганын айтып, бийликтен журналистти абактан чыгарууну суранышты.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Айданбек Акматов 22-октябрда өткөн жыйында өлкөдө башаламандык уюштуруу чакырыктары айтылбаганы, ал талкууга журналист, активист катары катышканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку сот Ак-Ордодогу жер чыры боюнча чечимдер жокко чыга электигин билдирди УТРКнын башчысы болуп Болотбек Тиллебаев дайындалдыОрусия Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти Өкмөт юридикалык жактарга ОСАГОну калтырууну сунуштадыТбилисиде полиция менен демонстранттар дагы кагылышты