Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Асаналиев Нарын облустук милиция башчысы болуп дайындалды. Дамирбек Исаков Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчылыгынан кетип, Чүй облустук милициясына жетекчи болду.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
7-мартта Нарын облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев кызматтан кетип, президенттин Чүй облусундагы атайын өкүлү болуп дайындалган.
Ал буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Былтыр жыл аягынан тартып Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жаткан, ага чейин Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык милицияларын башкарган. (BTo)
Дагы караңыз
Беларус журналисттеринин ассоциациясы “экстремисттик уюм” деп табылдыОрус аскерлери атып салган жоокердин аты-жөнү жарыяландыАкылбек Жапаров: Аткезчилик менен кармалган товар мамлекетке алынатӨкмөт илимдер академиясынын мүчөлөрүнө стипендия бериле баштаганын билдирди Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алындыМурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалдыОоганстанда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 25% өстү