Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Өкмөт илимдер академиясынын мүчөлөрүнө стипендия бериле баштаганын билдирди


Улуттук илимдер академиясы.
Улуттук илимдер академиясы.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттерине жана академиктерине стипендия берүү жанданганын кабарлады. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, ай сайын академиктерге 15 миң сом, мүчө-корреспонденттерге 7500 сомдон төлөнөт.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген.

Ушул тапта академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Коомчулукта академияны реформалоо зарыл деген пикирлер айтылып жүрөт.(BTo)

XS
SM
MD
LG