Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Мурадин Тешебаев.

7-мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мурадин Тешебаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

50 жаштагы Мурадин Тешебаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Тай айылында туулган. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган. Эмгек жолун 2000-2001-жылдары Кара-Суу райондук кеңешинде иштөөдөн баштаган.

Бир топ жыл Оштун облустук администрациясында ар кандай кызматтарда иштеп, 2018-2021-жылы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын башчысы болгон. 2021-жылы президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратын жетектеген.

Садыр Жапаров Аламүдүн районунун мурдагы башчысы Бактыбек Анаркуловду 4-мартта кызматтан алган. (BTo)

Дагы караңыз

Адвокат: “Азаттыкты" жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызы негизсизПрезиденттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алындыУкраинанын бардык аймагында кайрадан абадан эскертүү берилди Рита Карасартова президент Жапаровго абактагы аялдар боюнча кайрылдыСадыр Жапаров жеңилдетилген насыяга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыМирзиёевге Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты берилди