Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Украинанын бардык аймагында кайрадан абадан эскертүү берилди


Украиналык аскерлер. Иллюстрация
Украиналык аскерлер. Иллюстрация

7-март күнү эртең менен Украина бийлиги коопсуздук боюнча жапырт эскертүү жарыялады. Киевде жана Украинанын бардык аймактарында сокку коркунучу тууралуу абадан айгай салынып, жарандарга баш калкалоочу жайларда болуу сунушталды. Шашкеге жакын көпчүлүк аймактарда эскертүү өчүрүлдү.

Украинага Орусия басып кирген бир жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдө мындай эскертүүлөр улам жаңырып турат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын 7-марттагы баяндамасында орус аскерлери Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер багыттарында чабуулду күчөтүп жатканы дагы бир жолу айтылды.

Президент Владимир Зеленский Донецк облусунун чыгышында бир нече айдан бери айыгышкан согуш болуп жаткан Бахмут шаарын коргоону күчөтүүгө убада берип, Орусия акыркы бир суткада бул калаага жаңы чабуулдарды баштаганын айтты.

Ал тапта Украина биринчи жолу МК-20 кассеталык бомбасын АКШдан сураганын Reuters агенттиги эки конгрессменге – Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин мүчөлөрү Жейсон Кроу менен Адам Смитке шилтеме кылып билдирди. Алардын айтымында, Киев февралда Мүнхен коопсуздук конференциясында кассеталык бомбаларды сураган.

XS
SM
MD
LG