Мирзиёевге Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты берилди

Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты сунушталды. Мамлекет башчысы 6-мартта парламенттин депутаттары, сенаторлор жана Жогорку соттун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Анда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланды.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар коомчулуктан келген 200 миңден ашуун сунушту карап чыккан. Анын жыйынтыгында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун акыркы варианты даярдалды.

Конституцияны өзгөртүү долбоору былтыр 25-июнда жарыяланып, 10 күн коомдук талкууга коюлган. Анда Каракалпакстандын суверендүү макамы жана республикадан бөлүнүү укугу жоюлганына байланыштуу 1-2-июль күндөрү Нукуста нааразылык акциялары болуп, ал башаламандыкка айланган. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Мирзиёев Каракалпакстанга байланыштуу беренелер өзгөртүүсүз каларын билдирген. Кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан талкууланып, сунуштар менен толуктала баштаган.

Мыйзам долбоору даяр болгондон кийин референдум өтөт. Ал качан болору айтыла элек. Референдумда президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга узартылышы күтүлүүдө.

Дагы караңыз

Министр Иманалиев мугалимди шылдыңдаган видео тартылган мектепке барды Бишкекте окуучу түз эфирде мугалимди мазактаган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө Сот "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы арызын четке какты Имран Хан өзүнө каршы иш каралган сот отурумуна келбей койдуОрусиянын мунай жана газ кирешеси 2023-жылы дээрлик эки эсе кыскарды