Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Имран Хан өзүнө каршы иш каралган сот отурумуна келбей койду


Имран Хан
Имран Хан

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан өзүнө каршы коррупциялык айыптоолор каралган сот отурумуна келген жок. Иш 7-мартта Исламабад сотунда каралмак.

Хандын келбей коюшу камакка түшүүдөн коргонуу үчүн жасалган аракет деп сыпатталууда.

Судья Зафар Икбал мурдагы өкмөт башчыны отурумга келүүгө милдеттендирген. Ага кызматта турганда мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда. Ушул эле судья өткөн аптада Ханды камакка алууга ордер чыгарган.

Хан 2022-жылдын апрелинде парламент ишеним көрсөтпөөнү колдогондо бийликтен четтетилген. Ал өкмөт башчы Шебхаз Шарифти аны бийликтен кетирүү үчүн АКШ менен сүйлөшүп алды деп айыптаган. Буга далил келтирген эмес. Вашингтон айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG