Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Министр Иманалиев мугалимди шылдыңдаган видео тартылган мектепке барды


Министр Каныбек Иманалиев талкуу жараткан видео тартылган мектепке барды. 7-март, 2023-жыл.
Министр Каныбек Иманалиев талкуу жараткан видео тартылган мектепке барды. 7-март, 2023-жыл.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барып, сабак учурунда социалдык тармакка түз эфирге чыгып, мугалимди шылдыңдаган окуучу менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Окуучу түз эфирдеги жоругу үчүн мугалимден жана жалпы мектептин окутуучуларынан кечирим сурап, мындай окуяны экинчи кайталабоого сөз берген.

Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өткөрүүнү тапшырды.

“Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең, мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду да эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?”, - деди министр.

Окуя болгон мектепке министр менен кошо Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова да барды.

TikTok социалдык түйүнүнө 6-мартта чыккан видеодо 10-класстын окуучусу кыргыз тили мугалимин ыплас сөздөр менен мазактап жатканын, бир бала бут кийими менен партанын үстүнө чыгып отуруп алганын көрүүгө болот.

Окуучулар мугалимге баш ийбей, сабакка тоскоол болуп, аны тамашага салып шылдыңдап жатканы тартылган видео Интернет колдонуучулардын талкуусуна түшүп, окуучулардын жоопкерчилигин кароо талабы айтылган.

Мугалимди мазактаган окуялар буга чейин да болгон. Айыптууларды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, административдик камак жана айыппул түрүндөгү жаза чаралары каралган. Кийин долбоор кайра иштелип чыгып, баштапкыдан кыйла жумшартылган варианты быйыл Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында кабыл алынган.

Анда мындай учурларда айыпка жыгуу тууралуу сунуш алынып, ата-энелерге оозеки же жазуу түрүндө эскертүү берүү деген норма жазылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG