Сот "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы арызын четке какты

7-марттагы соттук процессте тараптардын жарыш сөзү болуп, судья өкүм чыгарды.

7-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бүгүнкү процессте тараптардын жарыш сөзү болду. "Азаттык Медианын" жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды.

Министрликтин өкүлдөрү "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн сайты бөгөттөө улантылып жатканын айтты. Алар видео материалда бейтараптуулук сакталганын белгилеп, бирок тажик тараптан берилген маалымат басымдуулук кылганын жүйө кылды.

"Азаттыктын" адвокаттары Бишкектин административдик сотунун чечимге каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрылат.

Министрлик 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Дагы караңыз

Ташиев аскердик техника, курал алууга 1 млрд. доллар жумшалганын айтты Түркияда оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглуну көрсөттү Киев орус аскерлерин украин туткунун өлтүрүүгө айыптады Жер мунапысындагы 27-пунктту алып салууга каршы жыйын өттү Президент Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырдыБашкы прокуратура Ак-Ордодогу үйдүн бузулушун текшере баштадыПригожин согушка Москвадан ок-дары келбей жатканына нааразылыгын билдирди