Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Пригожин согушка Москвадан ок-дары келбей жатканына нааразылыгын билдирди


Евгений Пригожин, коллаж.
Евгений Пригожин, коллаж.

Украинанын Бахмут калаасына кол салууда алдыңкы катарда турган "Вагнер" жалданма жоочуларынын башчысы Евгений Пригожин Москвадан ок-дары келбей жатканына нааразы болду.

Пригожин анын кол алдындагы жалданма жоочуларга өз маалында курал-жарак тийбесе, Бахмутту ээлеп алуу аракети ишке ашпай каларын Телеграм-каналына жарыялады.

Пригожиндин мындай эскертүүсү Кремл менен жалданма топтун тирешинин дагы бир далили катары сыпатталууда.

Пригожин орусиялык аскер командирлерин тынымсыз сындап, фронтто анын жалданмалары орус армиясынан жигердүү "эрдик көрсөтүп" жатканын Москвадан озунуп өзү кабарлап турат.

Расмий эмес кошуундун жалданма согушкерлеринин катарында Орусиянын түрмөлөрүндө отургандар бар. Борбор азиялык айрым мигранттар да ага азгырылып, кеминде алты кыргызстандыктын каза тапканы аныкталды.

Украинанын Бахмут калаасында салгылашуу күчөп турган учурда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу биринчи жолу Мариуполго барып, ал жактагы аскер кызматкерлери медалдар менен сыйлаганын Москва билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз башка булактар бышыктаган жок.

XS
SM
MD
LG