Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Түркияда оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглуну көрсөттү


Кемал Кылычдароглу (ортодо).
Кемал Кылычдароглу (ортодо).

Түркияда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдарогулунун талапкерлигин көрсөттү. Саясатчы 74 жашта жана өлкөнүн биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн Улуттук-республикалык партияны жетектейт.

"Евроньюс" бирдиктүү талапкер чыгарууга байланыштуу сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбогонун билдирди. Тактап айтканда, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө "Жакшы партиянын" төрайымы Мерал Акшенер каршы чыккан. Мурдагы ички иштер министри Акшенер президенттикке Стамбул жана Анкаранын мэрлеринин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган. Ал "Улуттук альянстан" чыкпасын айтып, Кылычдароглунун талапкерлигин ал президент болуп калса, Анкара менен Стамбулдун азыркы башчылары вице-президент болуп дайындалат деген талап менен көнгөнү белгилүү болду.

Оппозициялык күчтөр эгер жеңишке жетишсе, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убада кылып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин 10-мартта шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол коерун билдирген. Андан соң 60 күндүн ичинде шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгү болот жана добуш берүү 14-майда өтөт.

Шайлоо өнөктүгүндөгү дебаттарда негизги тема он миңдеген адамдын өлүмү менен аяктаган катуу зилзала болору айтылып жатат. Оппозиция Эрдоган менен анын бийлигин бул кандуу кырсыктын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жетиштүү болбогонуна байланыштуу айыптап келет. Түрк президенти дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG