Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу элчи 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолукканда айткан.
28-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында “Борбор Азия+АКШ” жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушкан.
Жолугушууда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланган.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Министр Кулубаев буга чейин жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын, Вашингтон болсо документке кол коюуга даярдыгын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Шольц: Батыш өлкөлөрү Украинага каржылык жана курал-жарактан колдоосун улантатКемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыктыИманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды“Азаттыктын” иши боюнча сотто 17-мартка чейин тыныгуу жарыяландыБишкекте келинди уурдоого шек саналган адам кармалдыКыргызстандык эки балбан Болгариядагы мелдеште алтын медал утту