Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 6-мартта кабарлады.

Жогорку Кеңеш 1-мартта Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдугун берген.

Министрликти беш ай жетектеген Уланбек Мамбетакунов 24-февралда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Иманалиев дайындалган. Мамбетакунов эмне себептен жумуштан алынганы айтылган эмес.

54 жаштагы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG