Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстандык эки балбан Болгариядагы мелдеште алтын медал утту


Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков.
Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Болгарияда өткөн Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медал утушту.

5-мартта финалдык беттеште Акжол Махмудов армениялык Малхас Амоянды, ал эми Жоламан Шаршенбеков польшалык Михал Трачты жеңди. Бул 2023-жылы кыргыз балбандары катышкан ири мелдештердин биринчиси.

23 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиону. Ал чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021). IV Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017), коло байгелерин жеңген. Уландар (2016) жана жаштар (2017) арасында Азиянын чемпиону.

Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков да 23 жашта. Ал Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-жыл). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-жыл).

Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-жыл), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында (2017) 2-орунду ээлеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG