Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада адам уурдоого шек саналып, бир киши кармалганын билдирди. Милиция маалыматына караганда, 4-мартта Бишкек шаарынын тургуну Калыс-Ордо жаңы конушунан белгисиз адамдар жубайын автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин айтып арыз жазган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен иш козголуп, 22 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстандык эки балбан Болгариядагы мелдеште алтын медал уттуЖапаров: Базарда ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдырууну карайбызЧереватый украин аскерлери Бахмутту коргоону улантып жатканын билдирдиКыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгилендиКытай аскердик бюджетин дагы көбөйтүп жатат