“Азаттыктын” иши боюнча сотто 17-мартка чейин тыныгуу жарыяланды

“Азаттыктын” эн белгиси.

6-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда 17-мартка чейин тыныгуу жарыяланды.

Буга министрлик “Азаттыктын” каттоо документтерин Юстиция министрлигинен тактоо керектигин билдирип, судья өтүнүчтү канааттандырганы негиз болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болгон.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Иш 9-февралда Ленин райондук сотунда карала баштаган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (BTo/AiB)

Дагы караңыз

Кыргызстандык эки балбан Болгариядагы мелдеште алтын медал уттуЖапаров: Базарда ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдырууну карайбызЧереватый украин аскерлери Бахмутту коргоону улантып жатканын билдирдиКыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди