Өзбекстан: журналисттер, блогерлер кысым жөнүндө Мирзиёевге кайрылды

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу бир катар убадаларды берген.

Өзбекстанда журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттерден турган 40тай адам президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Анда алар "чыныгы сөз эркиндигин камсыздоого жардам берүүнү" өтүнүшкөн.

Ачык кайрылууда өлкөдө "жабык, бирок катуу цензура" болуп жатканы жазылган. Мунун алдында бир катар журналисттерге жана блогерлерге куугунтук башталганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Кайрылуу жарыялаган күнү, 3-мартта Кашкардарыяда сот блогер Элмурад Одилдин (Элмурад Одилов) аппеляциялык арызын канааттандырган жок. Ал газ жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди көтөрүп, Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаеванын отставкасын талап кылып жүргөн. Өткөн айда блогер 15 күнгө камалып чыккан. Анын алдында бийликти сындап жүргөн блогер Эмине-Лемара Мирзаахмедова кармалган.

Kompromat.uzb Телеграм-каналына байланыштуу камалган блогер Абдукодир Муминов жана журналисттер Хуршид Далиев, Мавжуда Мирзаева жана Сиявуш Хашимов баштаган бир катар адамдар тууралуу маалымат берилбей келет.

Мирзиёев менен анын жакындарын коррупцияга, жээк-жааттыкка жол бергенине байланыштуу сындап чыккан ташкенттик блогер Шахида Саломова "психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн" деген негизде ооруканага жаткырылган.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу бир катар убадаларды берген. Бирок соңку күндөрү медиага карата кысым-басым күчөгөнү тууралуу дооматтар көп айтыла баштады.

Дагы караңыз

Запорожье: ракеталык чабуулдан мерт болгондордун саны 11 адамга жетти Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгилендиМурдагы энергетика министри Ильяс Давыдов көз жумду Орусия: Коргоо министрлиги Шойгу согуш болгон аймакка барганын билдирди УКМК Таластагы жемкорлук ишинде 3 млн. сом өндүрүлгөнүн билдирдиСадыр Жапаровдун Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды FT: Киев Ыктыярчылар корпусу Украинадан Брянскка киргенин билген