Донецк облусундагы Енакиевонун үстүнөн аскердик учак атып түшүрүлдү

Су-34, архив.

Украинанын Донецк облусундагы оккупацияланган Енакиево шаарынын үстүнөн 3-мартта аскердик учак атып түшүрүлдү. Анын кулаганы тартылган видео "Протесты в мире" Телеграм-каналына жарыяланды.

Енакиево ушул тушта катуу салгылашалуу болуп жаткан аймактардан салыштырмалуу алыс. Орусия дайындаган шаар башчысы Роман Храменков тургундарды көчөгө чыкпоого, мүмкүн болсо баш калкалоочу жайларга барууга чакырды.

"РБК-Украина" атып түшүрүлгөн учак орусиялык Су-34 экенин Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн жетекчилигине таянып билдирди. Аталган орган аны украиналык зениттик аткычтар бутага алганын, учкучтардын бири каза болгонун ырастоодо.

Орусиянын Коргоо министрлиги окуяга комментарий бере элек. Бирок мекеменин 3-марттагы маалыматында Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрү Донецк облусундагы Красноармейск шаарына жакын жерде Украинанын Су-24 учагын атып түшүргөнү айтылат. Красноармейск менен Енакиево болжол менен 100 километр аралыкта жайгашкан.

Дагы караңыз

Канаттууларда пластикоз аттуу жаңы илдет пайда болду Орусия менен Кытай согуш жана өзөктүк куралга таандык сунуштарды колдободу Черногориядагы жардырууда бир адам каза болду