Нурланбек Шакиев АКШ Конгресси менен кызматташууну чыңдоону сунуштады

Лесли Вигери менен Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 3-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу маселеси жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Кыргызстан Кошмо Штаттары менен конструктивдүү алакаларды арттырууга кызыкдар экенин белгилеп, парламенттер аралык байланышты чыңдоону сунуштады.

“Акыркы жылдары пандемиядан улам солгундап кеткен Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы мамилени өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Андыктан алгачкы кадам катары Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясынын алкагында АКШ Конгрессинин алдында “Кыргызстандын достору тобун” түзүүнү каалайбыз. Парламенттик делегациялардын эки тараптуу иш сапарларын уюштуруп, биргелешип иш алып баруу учур талабы”, – деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланып, төрага кыргыз-америка бизнес форумун уюштуруп, инвестиция тартуу жаатында тыгыз кызматташуну сунуштады.

Элчи эки өлкөнүн дипломатиялык алакасын жакшыртууга, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында иш алып барарын билдирди. Ал жакында эле виза алууга кеткен убакытты эки жылдан 60 күнгө кыскартуу чечими кабыл алынганын айтты.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен. Президент Садыр Жапаров аны 30-декабрда кабыл алган.

22-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсация кылган.

ТИМ январь айында жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин билдирген. (TAb)

Дагы караңыз

Орусия: Коломнанын тургундары "жарылуунун үнү угулганын" айтыштыОрусия ракетасынан Запорожьеде көп кабаттуу үй кыйрап, үч киши каза таптыУкраина: Бахмутта кандуу салгылаш улануудаЖалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды