Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:29

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды


Жалпы республикалык тестирлөө маалы.
Жалпы республикалык тестирлөө маалы.

3-марттан тарта 2023-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлашты.

Жалпы республикалык тестирлөөгө www.testing.kg сайты аркылуу же тестирлөө борборлоруна барып катталса болот. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөнүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду түзөт.

Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калган. Быйылкы босого балл азырынча белгисиз.

2022-жылдан тарта Кыргызстанда ЖРТ жылына эки жолу өтө баштады. Былтыр ноябрь айында кышкы ЖРТга каттоо жүрүп, декабрь айында тест тапшыруу болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG