Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусия: Коломнанын тургундары "жарылуунун үнү угулганын" айтышты


Коломна шаары. 2-март
Коломна шаары. 2-март

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Коломна шаарынын бир катар объектилерин текшерип, жардыруу аныкталбаганын билдиргенин жергиликтүү басылмаларга таянып "Свобода" радиосу жазды.

Укук коргоо органдары жардыруулар асманда болгонун, сөз учкучсуз учактар жөнүндө болушу мүмкүн экенин ТАСС агенттигине билдирген. Бирок алардын калдыктары табылбаганын “Коммерсантъ” басылмасы жазды.

2-марттын кечинде жергиликтүү тургундар катуу жарылуунун добушу угулганын социалдык тармактарга жазган. Энергетика министрлиги Коломнадагы энергетикалык жана газ объектилеринде эч кандай кырсык болбогонун билдирген. Мекеме текшерүү кайсы жерлерде болгонун тактаган эмес.

Mash Телеграм-каналы байкоо салуу үчүн орнотулган камерадан тартылган, жарылуунун добушу жаздырылган видеону жарыялады.

Baza Телеграм-каналы полиция жана ӨКМ Коломна шаарына жакын Раменское жана Воскресенск райондорунда дрондун калдыгын издөөгө киришкенин билдирди.

28-февралда Коломнага жакын Губастово айылына жакын "Газпром" газ станциясынан 100 метр алыс жерге дрон кулап түшкөн. Орусиялык басылмалар Федералдык коопсуздук кызматына таянып, дрон С-4 жардыргычы менен жок кылынганын, эч ким жабыркабаганын жазышкан.

XS
SM
MD
LG