Ошто тергөө абагында отургандардын арасынан эки киши ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматты 2-мартта “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан (ЖАМК) тастыкташты.
Алардын бири сотто чыккан өкүмгө, экинчиси милициянын аракетине протест билдирүүдө.
Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең ахыбалы жакшы, бири ачкачылыгын токтотту. Соттун өкүмүнө нааразы болуп жаткан киши акциясын улантууда.
Ачкачылык жарыялагандардын бири, 38 жаштагы киши оозун төөнөп алганын “Азаттыкка” анын апасы билдирди. ЖАМК бул маалыматты такташтырып жатканын маалымдады. (AAb)
Дагы караңыз
Сокулукта сексуалдык зомбулукка кабылган эки өспүрүмдүн ишинде мыйзам бузулганы белгилендиЖазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы айтылдыПарламентте эт азыктарынын тазалыгы боюнча маселе көтөрүлдү Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилди