Жазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы айтылды

Чүй облусу.

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев жазгы талаа иштерине даярдык маселесин көтөрдү. Ал шайлоочулардан даярдык жакшы эместиги тууралуу кайрылуулар түшүп жатканын айтты:

"Бизде эч кандай даярдык жок, күйүүчү-майлоочу май, үрөн беребиз дешти эле. Ошол болобу, болбойбу?” деп элден кайрылып жатышат. Болсо болот, болбосо болбойт деп эртерээк маалымат берип коюш керек”.

Жазгы иштерге Кыргызстанга жалпысынан 42 миң тонна кара май керек экенин, мунай базаларында жана май куюучу станцияларда 25 миң тонна дизель майы, 20 миң тонна бензин бар экенин өкмөт 25-февралда билдирген.

Дагы караңыз

Сузакта окуучу баланын өлүмү иликтенүүдөПарламентте эт азыктарынын тазалыгы боюнча маселе көтөрүлдү Каатчылык канчага уланат? Энергетикада керектөө, карыз өсүүдөБлинкен Каракалпакстан окуясы ачык жана толук иликтениши керек экенин айтты