Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Bloomberg агенттигинин версиясында кайрадан дүйнөнүн эң бай адамдарынын сап башына чыкты. Анын байлыгы ушу тапта 187 млрд. долларга жетти.
Былтыр жыл этегинде Маск биринчиликти Louis Vuitton Moët Hennessy корпорациясынын ээси, франциялык Бернар Арного тарттырып жиберген. Ал 185 млрд. доллар байлыгы менен эми экинчи орунга түштү.
Декабрда Bloomberg Маск 200 млрд. доллар жоготкон биринчи ишкер болгонун жазган. Анын негизги себеби Tesla компаниясынын акцияларынын арзандашында деп чечмеленген. Быйыл акциялар кайра өсө баштап, эки айда 70% кымбаттады.
Ал эми Forbes журналынын рейтингинде Маск Арнодон артта калууда. Эки рейтингде тең 3-сапта Amazon компаниясын түптөгөн бизнесмен Жефф Безос турат.
Дагы караңыз
Казак полициясы: Журналисттерге каршы чагымчыл чабуулдардын координатору кармалдыЫсык-Көлдөгү эс алуу жайларына чет элдиктер да ээлик кылуусуна уруксат берүү сунушталуудаАКШ-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды