Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүүсү.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүүсү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелердин келечектүү багыттары жана быйылкы жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды. Жолугушуу 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында «Борбор Азия+АКШ» жыйынынын алкагында өттү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, эки дипломат соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти.

“Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар Борбор Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин баса белгилешти. Америкалык тарап Кыргызстандын аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору болгон мамлекет аралык чек ара маселелерин чечүү аракеттерин кубаттады” деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Кулубаев АКШга Сириядан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул процесс жакынкы аралыкта бүтөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланганы кабарланды.

Блинкен Казакстанга расмий сапар менен бүгүн барды. Ал жакта аймактагы өлкөлөрдүн башкы дипломаттары катышкан «Борбор Азия+АКШ» жыйыны өтүүдө. Андан соң мамкатчы Өзбекстанга барат.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG