Эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими күчүнө кирди

Улуттук банктын өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. 2023-жылдын 28-февралы.

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алды. Чечим 28-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Карабаева быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 2,8% жогорулап, жылдык инфляция 15,9% түзгөнүн айтып, «инфляциялык фон салыштырмалуу орточо» деңгээлде турганын кошумчалады.

Улуттук банктын маалыматына караганда, өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогорулап, ички суроо-талап калыбына келүүдө. Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшүнүн темпи январь айынын жыйынтыгы менен 4,8% түздү.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк: Эки жылда 46,7 тонна алтын чогулттук Эненин аманаты – бир ууч топуракЭки жыл мурун киши колдуу болгон Айзада тууралуу тасманын бет ачары өттү АКШ Орусияны өзөктүк куралды чектөө келишимин аткарууга чакырды