Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Улуттук банк: Эки жылда 46,7 тонна алтын чогулттук


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Улуттук банктын карамагында, 25-февралга карата маалымат боюнча, 46,7 тонна алтын бар экенин мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда “Азаттыкка” билдирди:

“Бул акыркы эки жылда чогултулган алтын. 46,7 тонна. Улуттук банктын карамагындагы бул алтын 2021-2023-жылдар аралыгында биздин өлкөдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуу жолу менен чогултулган”.

Карабаева 16 тонна Улуттук банктын 87,3 миллиард сомго барабар алтын-валюта резерви, ал эми запастагы алтын 138,5 миллиард сомго барабар экенин кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кени мамлекеттин карамагына өткөндөн бери алтын менен күмүштү казуу көбөйгөнүн 25-февралда билдирген. Ал "Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым", - деп билдирген.

Ошондой эле ал 19 тонна алтындын дайыны тууралуу суроого жооп берип, бир грамм да уурдалбаганын айткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG